А. Жаманкулов: «Музейди ачыш үчүн германиялык компанияга акчасын беребиз»

3185

Улуттук тарых музейин ачыш үчүн германиялык компанияга акчасын беребиз. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Айтымында, учурда жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан музейди оңдогон германиялык компанияга 225 миң евро карыз экени белгилүү болгон. Чет элдик ишкана кыргыз тарап акчаны бергендин кийин гана музейдин ичиндеги электрондук системанын ачкычын бере турганын кабарлаган.

Ошондой эле, Биринчи май райондук сотунда музей ишине байланыштуу соттук процесстер да өтүүдө. Анда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева баш болгон адамдар «Коррупция» беренеси менен шектелишүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.