А. Сегизбаевдин бөлөсү – Көчөрбаевге кылмыш иши козголду (видео)

868

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул жолу Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын мурдагы башчысы Скандарбек Көчөрбаевге дагы жогорудагы берене боюнча кылмыш иши козголду. Бул ишти андан ары Улуттук коопсуздук комитети тергейт. Буга чейин полковник Скандарбек Көчөрбаевдин үстүнөн милициянын кызматкерлери менен айрым ардагерлер арызданып, тиешелүү мекемелерге азыр менен кайрылышкан. Мындан улам, ал боюнча кызматтык териштирүү башталып, Көчөрбаев кол алдындагыларды мыйзамсыз иштен кетирген, пара алган, тартип жазага негизсиз тарткан, деп шектелүүдө. Ошондой эле, ал ички иштер органдарынан биротоле кетирилген.