А. Сулайманов: «Ош базарында ирээнжибей манты жеп көрүшсүнчү!» (видео)

2842

Шайлоо босогосун 7 пайызга чейин түшүрүү демилгеси кийинки жумада парламентте каралышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров билдирди. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин бул сунушу боюнча учурда демилгечил тобу иштеп жатыптыр.

Ал эми шайлоо босогосун 5 пайызга чейин төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору болсо учурда БШК менен өкмөттүн кароосунда жатканы белгилүү болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрүнүн айтымында, бул боюнча бир пикирге келе албай жатышыптыр. Ал эми документтин авторлору муну создуктуруу катары баалашууда.