«Аалам сулуусу-2018» сынагында филиппиндик кыз таажы тагынды

2126

Таиландда өткөн «Аалам сулуусу-2018» эл аралык сынагында филиппиндик Катрион Грэй жеңип алды.

Маалым болгондой, сынактын финалы болуп, анда 5 сулуусу таажы үчүн ат салышты. Финал Банкгоктун «Impact Arena» борборунда орун алып «Аалам сулуусу-2018» сынагынын жеңүүчүсү 24 жаштагы Катрион Грэй болду. Таажы тагынган сулуу ВИЧ, СПИД оорулары боюнча маселелерди чечүүгө багытталган «Love Yourself » компаниясында, коммерциялык эмес «Young Focus» компаниясында ыктыярчы болуп иштейт.

Ал эми экинчи орунду венесуэлалык сулуу Стефани Гутьеррес, үчүнчү орунду Түштүк Африка Республикасынын сулуусу Тамарин Грин алган.

Аталган сынакка Кыргыз өлкөсүнөн биринчи жолу «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова катышып, жарым финалдан өтпөй калган.

«Аалам сулуусу» эл аралык сынагы быйыл 67-ирет өткөрүлдү. Сынакка жалпысынан 94 мамлекеттин сулуулары катышты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.