Аалымдар кеңеши: кооперативден үй алуу шариятка каршы келет (видео)

4553

Быйыл ак өргөлүү болом деп турак-жай кооперативдерине алданып калгандар көбөйүшү мүмкүн. Мындай кооптонуулары менен айрым экономисттер бөлүшүүдө. Алардын айтымында, азыркы тапта мындай жеке уюмдардын ишмердүүлүгүн бир дагы орган көзөмөлдөй албайт.

Анткени алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам жок. Акыркы учурларда турак-жай кооперативдерине байланыштуу Муфтиятка кайрылгандар да көп болууда. Ушундан улам Аалымдар кеңеши фатва чыгарып, мындай уюмдардын эмнесине көңүл буруу керектигин көрсөтүп беришкен.