Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

2301

1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаайт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаалардын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.