Аба ырайы өзгөргөн маалда Бишкек-Ош багытындагы билеттер арзандайт

1089

Аба ырайы өзгөргөн маалда Бишкек-Ош багыты боюнча билеттердин баасы төмөндөп турат. Буга байланыштуу өкмөт төрт авиакомпания менен келишим түздү.

Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса, өлкөнүн ички каттамына авиабилеттердин баалары 27 пайызга төмөн сатылат.

Мындай учурларда Тоо-Ашууда жана Бишкек — Ош унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөөлөр киргизилет. Ал эми аба ырайы калыбына келген соң, авиабилеттер мурда бекитилген баада сатыла берет.