Аба-ырайын так жарыялабандар жоопкерчиликке тартылат (видео)

1087

Аба ырайы боюнча туура эмес маалымат тараткандар 2 миң сом айыпка жыгылышы мүмкүн. Мындай демилге менен депутаттардын тобу чыгып мыйзам долбоорун даярдашты. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, аба ырайы тууралуу маалымат айыл чарба менен экономикага түз таасирин берет. Андыктан бул жаатта так прогноз болушу керек. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда «быйыл кыш болбойт» же «жаз эрте келет» деп коомчулукка жарыялаган билермандар дагы жоопкерчиликке тартылып калат. Ошол эле убакта, депутаттардын демилгесине аба ырайы боюнча болжолдуу маалыматты Интернет аркылуу жайылтып келгендер каршы чыгууда.