Аба-ырайын туура эмес божомолдоо үчүн жаза (видео)

1055

Аба ырайы тууралуу маалыматты өз убагында бербей же ал божомол жаңылыш болуп, анын айынан мамлекет жана жарандарга ири өлчөмдөгү зыян келтирилсе, кандай жаза каралышы керек? Бул маселе Жогорку Кенеште метеорология жөнүндөгү мыйзамга толуктоо киргизүү учурунда кызуу талкууланды. Аткаминерлердин айтымында, аба-ырайы тууралуу туура эмес маалымат бергендерди айып пулга жыгуу керек. Бирок ошол эле убакта депутаттардын документти ким, кантип ишке ашырат, деген суроолору жоопсуз калды. Андыктан мыйзамды ишке ашыруунун так механизмдерин иштеп чыгып, бул тармакты иретке келтирүү керектиги белгиленди.