Аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлүүдө (видео)

999

«Кыргызгидромет» кызматы шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка караганда, келе жаткан ишемби күндөн тарта өлкө аймагында жаан жаап, ал карга айланат. Адистердин айтымында, туруксуз аба ырайы менен кардын калың түшүшү күтүлөт. Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коопсуздук эрежелерин сактап, жарандарды сак болууга чакырышты. Синоптиктер кыш мезгили келээрки жумадан тарта башталаарын билдиришүүдө. Ал өткөн жылдарга салыштырмалуу нормадан бир градуска суук болушу күтүлүп жатыптыр.