Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам мектептерде 5 күндүк каникул жарыяланды

1262

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы бардык мектептерде 5 күндүк каникул жарыяланды. Тиешелүү буйрукка Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койгон. Ага ылайык, окуучулар эртеңден тарта 30-январга чейин мектепке барышпайт.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Жогорку Кеңештеги жалпы отурумда бир катар депутаттар мектептердеги окууларды убактылуу токтото турууну сунушташкан. Айтымдарында, өзгөчө жөө барып-келип окуган мектеп окуучулары катуу суукта кыйналып калышууда. Ошондой эле, бир топ окуучулардын сасык тумоо менен ооруп жатканы да айтылган.

Эске салсак, кечээ тиешелүү министрлик мектеп жетекчилерине класстардагы абанын температурасын маал-маалы менен өлчөп, окуучулардын саламаттыгы жөнүндө улам маалымдап турууга буйрук берген болчу.