Аба ырайынын төмөндөшү менен вирустук оорулар күчөйт (видео)

1233

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл курч респиратордук вирустук илдеттерге кабылган жарандардын саны 19 пайызга көп катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Азыркы тапта Жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 300гө чукул бейтап дарыланып жатыптыр. Алардын баардыгы өтө курч вирустук оорулардын ар кандай түрлөрүнө кабылгандар. Адистердин айтымында, аба ырайынын кескин төмөндөшү вирустук ооруларды күчөтүшү мүмкүн. Андыктан дарыгерлер жарандарды сак болууга чакырышууда. Сасык тумоодон кантип сактануу керек?