Абак кызматкерлерине психологиялык жактан жардам берүүчү бөлмө ачылат

932

Аялдар абагында түрмө кызматкерлери үчүн атайын психологиялык бөлмө ачылат. Жазаларды аткаруу кызматы билдиргендей, бул аракет чет элдик донорлордун жардамы менен ишке ашып, анын негизинде мындай бөлмөлөр Кыргызстанда алгачкы жолу, Чүйдөгү Степное айылындагы аялдар колониясында ачылып жатат.

Буга чейин психологиялык бөлмө соттолгондор үчүн ачылып, иштеп келген.

Ал эми эл аралык стандарттарга ылайык, түрмөдө иштеген кызматкерлер да иш нөөмөтүнөн чыккандан кийин психологиялык чыңалуудан арылып, эс ала турган атайын жай болушу зарыл.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.