Абакта абалы начарлаган аткаминерлердин саны өсүүдө (видео)

663

Жогорку Кеңештин депутаты, камактагы Осмонбек Артыкбаев ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу. Бирок экс-министр кандай ооруга чалдыкканы кабарланбай жатат.

Ал арада экс-премьер-министр Сапар Исаковдун дагы ден-соолугу начарлаганы айтылууда. Мындан улам, соттук кароону бир аптага жылдыруу өтүнүчү келтирилди.

Ошондой эле, Свердлов райондук сотунда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дагы дарыланууга муктаж экенин билдирди. Абакта абалы начарлаган аткаминерлердин тизмесинин узарышы ар кандай ой-пикирлерди жаратууда.