Абакта ооруп жаткандар менен жашы жете электерге мунапыс берүү сунушталды

1314

Жогорку Кеңеште «адам укугу боюнча декларациянын 70 жылдыгына карата амнистия жарыялоо» тууралуу мыйзам долбоору даярдалды.

Документке ылайык, оор эмес кылмыштарды жасаган өспүрүмдөрдү жана ооруп жаткандарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралган.

Ошондой эле, 60тан өткөн эркектерди, 55 жаштан жогору аялдарды эркиндикке чыгарып же жаза мөөнөтүн кыскартуу пландалууда. Мунапыска I, II топтогу майыптар жана үй-бүлөдөгү жалгыз киреше тапчу адамдар илиниши мүмкүн.

Ал эми адам өлтүргөндөр, коррупция үчүн соттолгондор, ири суммада алдагандарга амнистия берилбейт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.