Абакта телефон аркылуу алдап акча өндүргөндөр (видео)

1108

Абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатып, кылмыштуу бизнес жасагандар. Акыркы күндөрү түрмөдө отуруп алып, телефон аркылуу элди алдап, акча өндүргөн шылуундар көбөйүүдө. Кечээ жакында эле Ош шаарында абакта отуруп ар кимди алдап жүргөн рецидивист аныкталган. Ал кылмышкер уюлдук телефон аркылуу өндүргөн акчаларын эркиндиктеги шериги аркылуу алып турган. Адистердин айтымында, түрмөдө отурган адамдын телефон аркылуу кылмышка барып жатканын өзү — өтө кооптуу көрүнүш. Себеби абакта уюлдук телефон колдонууга тыюу салынат. Мындай корүнүштөр жабык жайлардагы чыныгы абалды көрсөтүүдө, дешет адистер. Тартип сакчылары болсо жарандарды шектүү телефон чалууларга ишенбөөгө жана маалыматтарды дыкат тактоого чакырууда.