Абакта тыюу салынган бир топ буюмдар табылды (видео)

655

Темир сейфтер, вай-фай роутерлер, алкоголдук ичимдик чыгаруучу аппараттар жана башка тыюу салынган бир топ буюмдар. Мунун бары Молдовановкадагы №1 түзөтүү колониясын тинтүү учурунда табылган. Жабык жайды текшерүү ишине төрт жүзгө жакын кызматкер тартылып, алар жазасын өтөп жаткандарды жана алар жашаган жайларын тинтип чыгышкан.

Тыюу салынган буюмдардын темир тор артына кандайча барып калганын аныктоо үчүн Жазаларды аткаруу кызматында ички иликтөөлөр жүрүп жатат. Эксперттер болсо мындай көрүнүштөр бардык эле түрмөлөрдө бар экенин айтышат. Бирден бир себеби ал жакта иштегендердин айлык маянасынын аздыгы. Айрымдары кошумча каражат табуу үчүн көп нерселерди атайылап көз жаздымында калтырышат, дешет адистер.