Абактагы 4 миңдей кишинин жазасы жеңилдетилиши мүмкүн

634

Жогорку Кеңеш мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоорун карады. Демилгечилер 5 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жете электерди, 60 тан ашкан улуу эркектерди, 55 жаштан өткөн аялдарды, I жана II топтогу майыптарды, эки же андан ашык балалууларды, үй-бүлөдө жалгыз камсыздоочу болгондорду, оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасагандарды жазадан бошотуу сунушталууда.

Долбоор колдоо тапса 285 киши эркиндикке чыгып, 3,5 миңдей адамдын жаза мөөнөттөрү кыскартылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.