Абактагы кримтөбөлдөр үчүн өзгөчө шарттар каралганбы? (видео)

697

Криминалдык чөйрөдө «Лимонти» деген каймана аты менен белгилүү Алмаз Сулаймановдун катышуусундагы видео боюнча тергөө башталды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымдашты. Интернетке түрмөдө жаткан Алмаз Сулаймановдун видеосу тарап, анда ал бир нече соттолуучулар менен бирге өзгөчө жасалгаланган бөлмөдө жүргөнүн көрүүгө болот.

Коомчулукта буга чейин эле жабык абагында жаткан криминалдык төбөлдөр өздөрүнө «люкс-камераларды» уюштуруп алары айтылып келген. Буга тиешелүү жетекчилер көз жумуп коеру да белгиленүүдө. Бирок Жазаларды аткаруу кызматы бул айтылгандарды четке кагып, мындай бөлмөлөр эркинен ажыратылгандар менен алардын туугандарынын жолугушуусу үчүн ачылганын айтышууда.