Абактан качкандарга эшикти ким ачып берген? (видео)

3113

Тергөө абагынан качып кеткендердин экөө кармалды. Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качкан төрт кишинин экөө Бишкек шаарына кире бериште, таксиде баратканда колго түштү. Кечээ таңга маал тергөө изоляторунан оор кылмыштарга шектелген төрт адам качып чыкканы кабарланган. Ар кандай маалыматтарга караганда, бирөөлөр электр жарыгын 13 мүнөткө өчүрүп, айыпталгандар отурган камеранын эшигин ачып берген. Бул боюнча прокуратура нөөмөттө турган тогуз милиция кызматкерин суракка алууда. Кармалгандардын айтымында, камеранын каалгасы ачык болчу. Мындан тышкары, кылмышка шектүүлөр таңкы алтыда эмес, түнкү саат экилерде качканы боюнча маалыматтар чыгууда.