Абактан качууну ким уюштурган? (видео)

908

Сокулуктагы абактан качкандардын үчүнчүсү колго түштү. Ал эми төртүнчүсүн издөө уланууда. Ыкчам маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү Кайрат Жанботоев Бишкек жана Чүй областынын аймагынан чыга элек. Ички иштер министрлиги аталган жаран тууралуу маалымат бергендерге акчалай сыйлык убадалады. Буга чейинки кармалгандардын көрсөтмөсүнө ылайык, качууну так ошол Жанботоев уюштурган. Адам өлтүрүүгө шектелген Кайрат Жанботоев Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө №1 тергөө абагынан которулуп барган. Түрмөдөн качкандар боюнча Ички иштер министрлиги иликтөө жүргүзүп, бир катар жетекчилер иштен алынды. «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «шалаакалык» беренелери боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, эки тартип сакчысы камакка алынды.