Абактын ордуна эркиндикте жазасын өтөгөндөр (видео)

1761

Бир жыл ичинде соттолуп чыккан 500гө жакын адам жумушка орношууга жетишти. Алардын басымдуу бөлүгү — муниципалдык мекемелерде иштеп жатат. Кыргызстанда шарттуу жазанын бир түрү же дал ушул пробация институтунун киргизилгенине бир жылга чукулдап калды.

Бул убакыт аралыгында кардарлардын саны 5000ге жеткен. Көпчүлүгү Бишкек шаары, Талас жана Чүй областтарынын тургундары. Арасында оор берене боюнча айыпталгандар да бар.