Абал турукташканча мамлекеттик салыктардан жеңилдик болобу? (видео)

1115

Коронавирус илдети кулачын улам кенен жайып, бул көрүнүш өзгөчө ишкерлер чөйрөсүн түйшүккө салууда. Алкан базарында 150гө жакын соодагер иш таштап, күркөлөрүн жабышты. Айтымдарында, буга базарда кардардын өтө аз болуп, соода жүрүшпөй жатканы негиз болууда.

Анын кесепетинен бир тобу ижара акысын төлөй албай жатыптыр. Бул абалдан чыгуу үчүн соода жайларын ижарага бергендер аренда акысын 50 пайызга арзандатуу керек дешүүдө. Ошондой эле, абал турукташканча мамлекеттик салыктардан да жеңилдик болсо дешет алар.