Абаны Бишкек ТЭЦи булгап жатабы? (видео)

3166

Бишкек ТЭЦинин морунан чыккан түтүн калаанын абасын булгап жатабы? Бул суроого аталган мекеменин жетекчилиги жооп берди. Анда алар Бишкек жылуулук электр борбору ордо калаанын абасынын булганышына тиешеси жок деп билдирип, атайын пресс-тур да уюштурушуп, журналисттерге көрсөтүп беришти.

Айтымдарында, жыл өткөн сайын мекеме заманбап техналогияларды колдонууга өтүүдө. Буга чейин ТЭЦтин дарегине «мору кыска, түтүндү чыпкалагычы иштебейт жана сапатсыз көмүр жагылып жатат» деген дооматтар айтылып келген.