Абаны булгаган унааларга айып салынат (видео)

1317

Абаны булгаган автоунааларга текшерүүлөр башталды. Бүгүн экотехинспекциянын кызматкерлери баш калаадагы коомдук транспортторго рейд жүргүзүштү. Бирок инспекторлор экологияга зыянын тийгизип жаткан унааларды дээрлик кездештиришкен жок. Бирин-экин маршруттук таксилерде гана чыккан түтүндүн зыяндуулугу нормадан бир аз көбүрөөк болуп жатты. Айдоочуларга мүчүлүштүктү жоюуга убакыт берилди. Эң өкүнүчтүүсү транспорттун техникалык абалы талаптарга жооп берет деген документи бар унаалардын сырткы турпатынан эле анын абалы өтө начар экенин көрүүгө болот, дейт адистер. Мындай кичи автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташымай турсун, көчөгө айдап чыгууга болбойт. Бирок калаада андай коомдук унаалар жүздөп саналаары белгилүү. Аларды ооздуктаганга инспекторлордун алы жетээри күмөн.