Абанын ченемден тыш ысык температурасы 3-августка чейин сакталат

730

Аномалдуу ысык аба-ырайы 3-августка чейин сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматта 1-3-август күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 30-июлдан 3-августка чейин 39-41 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүп жатканы айтылат.

Адистер мындай кургак жана ченемден тыш ысыктын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл-чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарууну сунуш кылышууда.

Ошондой эле, министрлик адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында атайын телефонограммалар өкмөттүн областтардагы өкүлчүлүктөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларына жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.