Абдибай Жайлообаев: «Сугат суу быйыл тартыш болот»

2473

Сугат суу былтыркыга салыштырмалуу тартыш болот. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдибай Жайлообаев билдирди. Быйыл кар аз жааганына байланыштуу кургакчылык күтүп жатат.

Андыктан ага карата азыртадан чара көрүлүшү керек деген ойлорун депутаттар өкмөттүн жазгы-талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматын угуп жатып билдиришти.

Эл өкүлдөрү дыйкандарды суу менен камсыздоо үчүн бул системаны санариптештирүүгө өткөрүп, кезек-кезек менен алууга шарт түзүү керек деген пикирлерин айтышты.

Мындан тышкары, Айыл-чарба министри Эркинбек Чодуев быйыл дыйкандарга картошканы азайтып, башка өсүмдүк эгүү сунушталып жатканын билдирди. Мисалы, учурда Кыргызстанда жасмык жана соя эгүү үчүн айдоо жерлери кеңейтилип жатыптыр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.