Абдибакыт Халмурзаев Баткен областына прокурор болуп дайындалды

1133

Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кол койгон. 51 жаштагы Халмурзаев 2017-2018-жылдары Бишкек шаарынын прокурору болуп иштеген. Ал өкмөттүн Баткен областындагы мурдагы өкүлү Абиш Халмурзаевдин бир тууганы.

Эске салсак, Баткен областынын мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыпов былтыр ноябрда киши колдуу болуп каза тапкан. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, кылмышка шектүү катары Баткен областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган.

Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу окуя Ош шаардык сотунда териштирилип жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.