Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголобу? (видео)

710

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголушу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды. Анда буга чейин «Мегаком» компаниясынын иши боюнча Белиз мамлекетинен расмий документтер келген эмес, деген УКМКнын маалыматы каралды. Атайын кызматтын жетекчиси Идрис Кадыркулов бул иш боюнча комиссия түзүлүп, анын текшерүүсүнүн жыйынтыгында эч кандай трасттык документтер табылбаган жок, деди.

Айрым эл өкүлдөрү УКМКнын мурдагы жетекчиси жалган маалымат берген үчүн жооп бериши керек, дешүүдө. Ал эми Башкы прокуратуранын жетекчилиги болсо, бул маселе боюнча толук маалымат бере албай турганын билдирди. Себеби убагында аларга барган тиешелүү документтерге УКМК тарабынан «өзгөчө жашыруун маалымат» деген гриф коюулганы айтылды. Андагы маалыматты атайын комиссиянын чечими менен гана ачыктоого болот экен.