Абдыгулов: Ишкерлердин колунда жана банктарда доллар көп (видео)

1091

Акыркы эки жумадагы факторлор улуттук валютага болгон басымды күчөттү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллардын кескин жогорулашы боюнча маалымат берип жатып билдирди. Бирок ишкерлердин колунда, банктарда дагы доллар көп.

Андыктан жарандарга дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок, дейт Улуттук банктын төрагасы. 19-мартта кечке жуук АКШ валютасынын курсу кескин — жогорулап, 12 сомго кымбаттап, 85 сомдон сатыла баштаган. Бугун доллар — 80 сомдон, ылдыйлады.