Абдыгулов үчүн депутаттар мушташканы жатышат (видео)

2535

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды. Бирок анын кызматтан кетүүсүнүн себеби көпчүлүк депутаттарда ар кандай ойлорду жаратып, башкы финансылык мекеменин тегерегинде түзүлгөн кырдаал боюнча талкуу кызыды.

Отурумдун жүрүшүндө Абдыгуловдун кызматын тапшыруусуна кайсы бир тараптардын кызыкчылыгы болгону да белгиленип жатты. Мунун айынан кээ бир эл өкүлдөрү кайым айтышып, бири-бирин жекеме-жеке мушташка чакыргандар да болду.