Абройлуу саясатчылар менен коомдук ишмерлер биригишти (видео)

1526

Шайлоо алдындагы кырдаалга байланыштуу абройлуу саясатчылар менен коомдук ишмерлер биригишти. Эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, коомдук ишмер Бейшенбек Болотбеков баштаган ондон ашык саясатчылар билдирүү менен чыгышты. Алар акыркы күнү бир талапкердин пайдасына административдик ресурс колдонулуп жатканына, оппозициялык кандидатты каралоо күч алганына тынчсызданышууда. Учурда марага жете турган негизги эки талапкер анык болуп калды. Алардын бири азыркы курсту уланта турган болсо, экинчиси тазалануу, жаңылануу жана прогрессивдуу өнүгүү жолун сунуштап, элдин басымдуу бөлүгүнүн колдоосун табууда.