Абшыр-Сайдагы авариялык абалдагы көпүрө (видео)

738

Ош областынын Ноокат районунда жайгашкан Абшыр-Сай көпүрөсү авариялык абалда. Айдоочулар аталган көпүрө 3 жылдан бери оңдолуп бүтпөй турганын, ал эми анын жанына убактылуу орнотулган темир конструкция ыңгайсыз болуп жатканын айтып, нараазы болушту.

Транспорт министрлиги жол менен катар эле көпүрөнү оңдоо боюнча тендер өткөнүн маалымдады. Бирок андан бери бир жыл өткөнү менен, сынакты утуп алган япониялык компания курулуш баштоого шашылбай келет. Долбоорлоо иштери дагы деле уланып жатыптыр. Ал ортодо жергиликтүү тургундар авариялык абалдагы көпүрө качан кулап калат деп кооптонушууда.