Абылгазиев баштаган өкмөт отставкага кетеби? (видео)

631

Министрлердин антирейтинги. Социалдык тармактардын колдонуучулары иштерине ичи чыкпаган аткаминерлердин тизмесин түзүштү. Ага акыркы учурда коомчулукта көп сын-пикирге кабылып жаткан министрлер кирген. Арасында билим берүү, айыл-чарба, саламаттыкты сактоо министринен тарта вице-премьерге чейин бар.

Эске салсак, 20-апрель күнү премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев баштаган министрлер кабинетинин ишке киргенине 1 жыл толот. Эки аптадан кийин өкмөт бир жылдык отчету менен Жогорку Кеңешке келиши күтүлүүдө. Аткаруу бийлигинин ишине эл өкүлдөрү кандай баа берет?