Абылгазиев “Центерра” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

821

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө өкмөттүн чакыруусу менен келген “Centerra Gold” компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушкан. Анда инвестор 2 жылдык геологиялык иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыкса, Кумтөр кенин казуунун мөөнөтүн бир нече жылга узартууга мүмкүн болоорун айткан.

Ошондой эле, Скотт Перри эл аралык ишканалар, анын ичинде кытай компаниялары тарабынан “Centerra Goldду” сатып алууга сунуштар түшүп жатканын билдирди. Буга чейин, айрым маалымат каражаттары «Центерранын» жетекчилиги компаниядагы Кыргызстандын үлүшүн сатуу боюнча кытайлык ишкана менен сүйлөшүүлөрдү кызуу жүргүзүп жатканын жазышкан эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.