Ачкачылык жарыялаган абактагылардын талаптары аткарылбайт (видео)

937

Молдовановка айылындагы №27 абактагы ачкачылык жарыялаган кылмышкерлердин 56сы нааразычылык акциясын дагы деле улантууда. Ал эми бүгүн төртөө тамак жей баштаганы белгилүү болду. Алардын айрымдары 6 күндөн бери оозун тигип, колония жетекчилигинен телефон колдонуу, тамак жасоого уруксат берүү жана башка талаптарын коюшууда. Бирок жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү абактагылар мыйзамдын чегинен чыккан талаптарды коюп жатканын билдиришти. Анын үстүнө, ачкачылык кармагандар — терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондор. Мыйзам боюнча алар күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөшөт.