Адахан Мадумаров Баткендин жерин тажиктерге сатканбы? (видео)

1557

Адахан Мадумаров 10 жыл мурда Баткендеги жерди Кыргызстанга 49 жылга ижарага алуу боюнча документке кол койгонун мойнуна алды. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы 2009-жылы мындай кадамга жергиликтүү тургундардын ыңгайлуулугу үчүн барганын айтууда.

Бирок Баткен областынын мурдагы губернатору Мамат Айбалаев учурда Тажикстан тарап дал ушул документке таянып, чыр чыгарып жатат дейт. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы кол койгон келишим юридикалык күчкө ээби? Ага жол берген жетекчилер жазага тартылабы?