Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары (видео)

2565

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде эне менен анын баласын сүзгөн айдоочу дагы, жабыркагандар дагы табылбай жатат. Автомашина сүзгөндө 3-4 метрге ыргып кеткен кыздын абалы кандай экени азырынча белгисиз болууда. Анткени алар ооруканага же милицияга кайрылышкан эмес. Жол кыймылынын копсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма-сөз кызматы учурда аларды тиешелүү адистер издеп жатканын билдиришүүдө. Жалпысынан жыл башынан бери эле 638 жол кырсыгы катталып, андан 58 киши каза болгону белгилүү болду.