Адам өлүмүнө алып келген уурулук (видео)

2136

Темирдин баасы кымбаттагандан бери Бишкектеги кудуктун капкактарын уурдагандар көбөйдү. Калаа мэриясы жыл башынан бери 600гө жакын ачык калган люктарды жаап чыккан. Азыр деле жапканга жетишпей жаткан жерлер бар. Уурдалган темир капкактардын айынан жакында эле бир адам кудукка кулап кетип каза тапты.

Он күн мурда Кызыл-Кыя менен Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманын алдындагы ачык турган чуңкурга 42 жаштагы киши түшүп кеткен. Аны коншулары эртең менен гана көрүшүп, тез жардам менен милиция кызматкерлерин чакырышкан. Бирок, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.