Адам өлүмүнө себепкер болгон соодагерге маркумдун жубайы айыптан баш тартты

684

Бишкектеги соода борборундагы адамдын өлүмү боюнча, маркумдун мурдагы аялы айыпталуучуга болгон дооматынан баш тартты. Бул боюнча иш Свердлов райондук сотунда каралууда. Адам өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан 25 жаштагы соодагер айыптарды жарым-жартылай моюнуна алган.

Быйыл августта, борбор калаадагы соода түйүндөрдүн биринде сатуучу 45 жаштагы жаранды чаап жибергенден кийин ал каза болуп калган. Дарыгерлер анын денесинен көгала тактарды тапкан. Айыпталуучу кишини уруп жибергенин моюнуна алып, бирок өлтүрүү ниети болбогонун айткан.

Ал эми жабырлануучу тарап маркумдун мурдагы аялы күйөөсүнүн жүрөгү ооруп жүргөнүн айтып, соодагерге эч кандай доом жок деп, тосмо арыз жазган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.