Адам өлүмүнө жеткирген мушташ. Окуянын күбөлөрү изделүүдө

697

«Кыргызаэронавигация» ишканасынын директорунун орун басарынын өлүмү боюнча күбөлөр изделүүдө. Маркумдун жакындары өткөн жекшемби күнү Бишкекте жол кырсыгынан кийин катталган мушташты көргөн билгендер болсо, маалымат бөлүшүүнү суранат.

Учурда кылмышка шектүү эки адам камакта. Азирет Жакыпбаевдин айтымында, айыпталуучулардын жакындары Маматназар Жакыпбаев өзү кулап кетип, башы бордюрга тийип каза тапканын айтышууда. Бирок андай болгон эмес, дейт маркумдун уулу. Анын айтымында, атасы машинадан түшүп жол кырсыгына күнөөлүүлөргө барганда, алардын бири башка чаап жиберген.

Экспертизада Маматназар Жакыпбаевдин башында жаракаттар бар экени аныкталган. Аны уруп жибергенин көргөн күбөлөр да бар, дейт уулу. Тергөө акыйкат жүрүш үчүн маркумдун жакындары дагы күбөлөрдү издеп жатат.

Бишкектин Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүндө жол кырсыгынан кийин болгон мушташты көргөн билгендер төмөнкү номурлары аркылуу байланышсаңар болот: