Адам өмүрү менен ойногон таксисттер (видео)

624

Кыргызстанда соңку 5 айда эле 2 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, аларда 221 адамдын өмүрү кыйылган. Бул авариялардын көпчүлүгү айдоочулардын жол коопсуздук эрежелерин сактабаганынан улам болуп жатканы айтылууда. Бирок такси айдоочуларын көзөмөлдөө дээрлик мүмкүн эмес экенин, Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы да моюнга алууда. Себеби айрымдары салыктан качып, таксист экенин жашырышат. Көп акча табууга кызыгып, бир нече суткалап уктабай иштегендер дагы бар. Дүйнө сулуусу, деген наамды жеңип алган Сания Шакирова каза тапкан кырсык дагы таксисттин уктап кеткенинен болгон. Ар бир айдоочунун кандай абалда рульга отурганын текшерүү дээрлик мүмкүн болбогондуктан, мындай кырсыктар байма-бай катталууда, дешет эксперттер.