Адам өмүрүн 20 миң доллар чечеби? (видео)

1402

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган 23 жаштагы мекендешибиз учурда өмүрү үчүн күрөшүп жатат. Афтандил Таалайбек уулуна мындан жети жыл мурда «өнөкөт бөйрөк оорусу», деген диагноз коюлган. Алгач жаш жигиттин бир бөйрөгү иштебей калган. Андан бери дарт күчөп олтуруп, 2017-жылдын күзүндө анын экинчи бөйрөгү дагы илдетке туруштук бере албай калган. Эми анын өмүрүн чет өлкөдө операция жасоо менен гана сактап калса болот. Бирок бөйрөк алмаштыруу Түркияда жасала тургандыктан, ал жакка барып келүүгө үй-бүлөнүн чама-чаркы жетпейт. Жаш жигиттин тагдырын болгону 20 миң доллар чечет. Жакшылыктан үмүтүн үзбөгөн мекендешибиз кайрымдуу инсандардын жардамына муктаж.