Адам өмүрүн алган жол кырсыктары (видео)

1181

«Кыргызаэронавигация» ишканасынын директорунун орун басарынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Милиция эки адамды шектүү катары камакка алды. Алар “ден-соолукка атайылап залал келтирүү” беренеси боюнча айыпталууда. Бишкекте жол кырсыгынын натыйжасында айдоочулар ортосунда мушташ чыгып, «Кыргызаэронавигация» ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза болду.

Маалыматтарга караганда, аны бирөө түртүп жибергенде, Жакыпбаев кулап кетип башы менен бордюрга тийип, ошол жерден жан берген. Жалпысынан эки күн ичинде өлкө боюнча жол кырсыгынан төрт адам набыт кетти. Алардын арасында 3 айлык наристе бар.