Адам өмүрүнө коркунуч жараткан жол тилкелери (видео)

636

Бишкек шаарында жол кырсыгы көп катталган 12 кооптуу тилке бар. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган инспекторлор ал жактагы мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча мэрияга сунуштарын беришкен. Кооптуу жол тилкелери тууралуу тартип сакчыларында атайын карта бар. Анын негизинде инспекторлор ошол аймактарга өздөрү үчүн белги коюп, көзөмөлдөп, изилдөө жүргүзүп турушат.

Ошондой эле, Бишкектин 27 көчө кесилишине тез арада светофор коюлушу керек. Борбор калаанын кире беришинде мектептин алдында 10 жаштагы баланы машина коюп кеткенден кийин бул маселе кайрадан көтөрүлө баштады. Ал жакта жол чырак жок болгондуктан, авариялар көп катталаары белгилүү. Минтип айрым тилкелерге светофор зарыл болуп турса, кээ бир жерде жол чырактар ашыкча коюлуп калгандай.