«Адам сатуу» курмандыктарына өзгөчө макам ыйгарылат (видео)

1443

Кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү азаптан кутулгандан кийин, укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Мындай маалымат бүгүн Жогорку Кеңеште тиешелүү мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтылды. Документте «адам сатуу» курмандыктарына макам ыйгаруу сунушталууда. Аны менен жабыркагандарга социалдык-экономикалык, психологиялык жактан көмөк көрсөрсөтүлөт. Адистердин айтымында, биздин жарандарды көп учурда Россия, Казакстан жана Түркияга сатышат. Алардын арасында сексуалдык кулчулукка кабылган кыз-келиндер да арбын.