Адам сатууга каршы 100 күн Кыргызстанда (видео)

1962

Адам сатууга каршы 100 күн! Дал ушундай аталыштагы маалыматтык кампания бир жумадан бери өлкө аймактарында жүрүп жатат. Анда жаш активисттер адамдарды сатуу жана жөнгө салынбаган миграция боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондой эле иш-чаранын алкагында ала качуу, мажбурлап никеге тургузуу, аны алдын алуу боюнча калк арасында маалымат жайылтылат.

Долбоор өлкөнүн жети дубанында 100 күнгө чейин созулуп, ар кандай спорттук жана интеллектуалдык оюн-зоок, дебат жана тегерек столдор менен коштолот. Былтыр бул иш-чарага он миңге жакын жаштар тартылса, быйыл бул жараянга катышууну каалгандардын саны бир нече эсе өскөн.