Адамдарды коркутуп, тоноп жүргөн өспүрүмдөр кармалды (видео)

1243

Адамдарды бычак такап коркутуп, сабап, тоноп жүргөн өспүрүмдөр. Бишкек шаарында көптөн бери колго түшпөй жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Өспүрүмдөрдөн түзүлгөн бул топ буга чейин көчөдөн адамдарды карактап, акчасы менен буюмдарын тартып алып жүрүшкөн.

Алардын бирөөсү тартип сакчылары тарабынан колго түшүрүлүп, бул өз кезегинде кылмыштуу топтун калган мүчөлөрүн дагы кармоого шарт түзгөн. Каракчыларды кармоо операциясына НТС телеканалынын журналисттери да катышты.