Адамды кыйноого шектелген 3 милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

848

Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Кылмышка шектүүлөр Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери. Жергиликтүү тургун тартип сакчыларынан кордук көргөнүн айтып, прокуратурага арыз менен кайрылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектелип жаткан милиция кызматкерлери күч колдонуп, жаранды кылмыш жообуна тартабыз деп коркутуп, «милицияга доом жок» деген арыз жаздырып алышканы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин «кыйноо» жана «мыйзамсыз кармоо же камакка алуу» беренелеринин негизинде кылмыш иши ачылды.