Адамкул Жунусов өлкөдөн чыгып кеткени боюнча материалдар Интерполго берилди

863

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов өлкөдөн чыгып кеткен жана ал боюнча материалдар Интерполго берилген. Бул тууралуу коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, иликтөөнүн учурунда Жунусовдун кылмыштуу иштерге тиешеси бар экени такталган.

Эске салсак, Бажы кызматындагы коррупциялык иштерден мамлекетке 166 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталып, ал иштин алкагында Жунусовго «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылган. Көп өтпөй аны камакка алуу чечими чыгып, бирок тергөө органдары Адамкул Жунусовду таппай калышып, ага издөө жарыяланган болчу.

Ошондой эле, коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев учурда бир топ кылмыш иштери иликтенип жатканын жана аларда иликтөөнүн жүрүшү коомчулукка ачык болорун белгиледи.